Министр Болотбек Купешевге карата кылмыш иши козголгону жөнүндөгү маалымат расмий төгүндөлдү

  • 3 года мурун

Билим берүү жана илим министрилиги Болотбек Купешевге карата кылмыш иши козголгону жөнүндөгү маалыматты төгүндөдү.

20-сентябрда reporter.kg сайты Купешевге кылмыш иши козголгонун жазган. Министрлик басылмадан төгүндөө маалыматын берүүнү талап кылууда.

Ошону менен бирге министрлик редакцияга жалган маалыматты атайылап элге жар салуудан карманууну сунуштайт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы министрге байланыштуу кабар чындыкка дал келбестигин билдирди.

Купешев Билим берүү жана илим министри кызматын 2021-жылдын 5-майынынан бери аркалап келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты