УКМК: Туйгунаалы Абдраимовдун мыйзамсыз байыганы тууралуу фактылар аныкталды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү, Туйгунаалы Абдраимовдун мыйзамсыз байыганы тууралуу фактылар аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Абдраимов жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган. Ошондой эле бир катар коммерциялык банктарга финансылык инвестицияларды салганы аныкталган.

“Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, «А.Т.Д.» жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, эки унаа токтотуучу жай, беш турак жай, үч дыйкан чарба, 16 автоунаа, “Ысык-Ата” курортунун аймагында бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган”, — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 20-сентябрда саясатчынын адвокаты Элмурат Абраимов Туйгунаалы Абдраимовдун УКМКда «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча сурак берип жатканын кабарлаган.

Абдраимов 15-сентябрда Ички иштер министрлигинде (ИИМ) дагы сурак берип чыккан. Ал суракка маданият ишмерлеринин президентке митингдерди токтотуу тууралуу кайрылуусу деген кат боюнча чакырылганын айткан.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты