Мечиттеги садака кутусунан акча уурдаган деген шек менен 31 жаштагы жаран кармалды

  • 3 года мурун

Токмоктогу мечиттердин биринде садака кутусунан акча уурдаган деген шек менен 31 жаштагы М. А. кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын август айында социалдык тармактарда белгисиз адамдын мечиттеги садака кутусунан акча уурдап жаткандагы видеосу тараган.

Аталган факт кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Мекеменин 20-сентябрда тараткан билдирүүсүнө ылайык, жогорудагы фактыга шектүү катары 31 жаштагы М. А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлдү. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, айыпталуучунун Чүй облусунда жана республиканын башка региондорунда ушул сыяктуу башка дагы уурулук фактыларына тиешеси бар экени аныкталган. Бардык фактылар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты