Чүйдө адам уурдоого шектелип үч жаран кармалды

  • 3 года мурун

Чүй районунда адам уурдоого шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кыматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-сентябрында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Искра айылында киши уурдоо фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, териштирүү жүргүзгөн учурда 17-сентябрда болжол менен саат 21:00 чамасында бейтааныш үч адам 1990-жылы туулган М.А. аттуу жаранды күч менен белгисиз тарапка уурдап кетишкени маалым болгон.

Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам уурдоо» беренеси боюнча катталып, шектүү катары 1994-жылы туулган М.И., 1995-жылы туулган Ж.Д. жана М.С. кармалган.

Териштирүү учурунда шектүүлөр жабырлануучуну Чүй районунун аймагынын сыртына алып чыгып, коркутуу менен 100 миң сом акча талап кылышканы маалым болгон.

Мекеменин билдиргени боюнча, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Фото: Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты