Адвокат: Туйгунаалы Абдраимов УКМКда «мыйзамсыз баюу» боюнча сурак берип жатат

  • 3 года мурун

Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде (УКМК) «мыйзамсыз баюу» боюнча сурак берип жатат.

Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Элмурат Абдраимов «Азаттык» радиосуна билдирди.

Азыр ал суракта. Бир саат болуп калды. Үйүндө жана кеңсесинде тинтүү болду. “Мыйзамсыз баюу” деген негизде сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын, ошол боюнча кармап кетишкенин айтышты”, — деди ал.

Абдраимов 15-сентябрда Ички иштер министрлигинде (ИИМ) дагы сурак берип чыккан. Ал суракка маданият ишмерлеринин президентке митингдерди токтотуу тууралуу кайрылуусу деген кат боюнча чакырылганын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты