Кыргызстанда дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык фестивалы өтөт

  • 3 года мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы, «Арт Араба» коомдук фонду менен бирге 2021- жылдын 22-25-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалын өткөрөт.

Фестиваль Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат.

Фестивалдын программасында эпос тануучулар жана окумуштуулар арасында эл аралык илимий-практикалык симпозиум, тегерек стол талкуулары өтөт. Ошондой эле, фестиваль күндөрү “Кыргыз көчү” этнографиялык аймагы түзүлүп, “Мыкты боз үй”, “Мыкты семетейчи” жана “Саркеч көчмөн” сынактары өтөт.

Фестивалга 20 дан ашык өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Архивдик сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты