Эне жана баланы коргоо борборунда балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмү ачылды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 18-сентябрда, Бишкек шаарындагы эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун аймагында курулган жаңы 5 кабаттуу балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүнүн расмий ачылыш аземи болду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага Президент Садыр Жапаров катышты.

Бөлүмдүн курулушу жана жабдуулар менен камсыздоо, анын ичинде долбоордук-сметалык документациясы, эмерек жана жабдыктарды сатып алуу «Ас-Сафа» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган.

Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү биринчи жолу балдардын атайын клиникасынын шартында ачылды. Ал 70 орундан туруп, анын 10у интенсивдүү терапия палатасына карайт. Ошондой эле, жандандыруучу бөлүм жана эки операция жасоочу палата бар. Мындан сырткары, биохимиялык, жалпы клиникалык, бактериологиялык, иммунофенотиптик цитогенетикалык жана башка лабораториялар жабдылган.

Жаңы бөлүмдүн ачылыш аземине Кувейт, Катар жана Сауд Арабиясынан меймандар катышты.

Өз сөзүндө Президент бүгүнкү иш-чаранын өлкөбүздүн саламаттык сактоо тармагынын тутуму үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, азыркы тапта онкологиялык оорулар көбөйүп, дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да бул боюнча кырдаал курч бойдон турат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты