Боом капчыгайында трассанын бир тарабы убактылуу жабылат

  • 3 года мурун

20-24-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымда таш кулатуу иштери жүрөт. Бул күндөрү Боом капчыгайында саат 09:00дөн 15:00гө чейин жолдун бир тарабы жабык болот.

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол тазалоо учурунда унаалар трассанын бир тарабы менен жүрүшөт. Эгер 30-40 автоунаа бир топтолуп кала турган болсо, таш кулатуу иштери токтотулуп, унааларды өткөрүп жиберишет.

Мындай иштер таш кулап, кооптуулук жараткан кырдаалды алдын алуу максатында жүргүзүлүп келет.

Сүрөт интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты