Душанбеде ШКУнун саммити аяктады. 30 документке кол коюлду
- 3 года мурун
Душанбе шаарында өтүп жактан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) кезектеги саммити аяктады.
Отурумда ШКУга мүчө мамлекеттерин башчылары туруктуу өнүгүү, уюм мейкиндигиндеги жана дүйнөдөгү стабилдүүлүктү колдоо, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Жыйын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өттү. Отурумдун жыйынтыгында Шанхай кызматташтык уюмунун жыйырма жылдыгынын Душанбе декларациясы кабыл алынды жана төмөндөгү документерге кол коюлду:
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2022-2024-жылдарга терроризм, сепаратизм жана экстремизге каршы күрөшүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2018-2023-жылдардагы антинаркотикалык стратегиясынын программасындагы пункттарды ишке ашыруу боюнча иш планын (2021-2023-жж.) бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча 2022-2023-жылдарга карата өз ара аракеттенүү планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2021-2023-жылдарга COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык терс кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен чаралар планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна чакырык жана коркунучтарга каршы туруу механизмдерин жакшыртуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антиттеррордук түзүмүнүн аткаруучу комитетинин директору жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмунун гимни тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмунун “Жашыл алкак” программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2022-2024-жылдар аралыгында айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндамасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррордук түзүмүнүн 2020-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Регионалдык антитеррордук кеңешинин баяндамасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмунун экономикалык форумунун концепциясын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен улуттар уюмунун ортосунда өнөр-жай өнүгүүсү боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Араб мамлекеттеринин лигасынын катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен улуттар уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын катчылыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча эл аралык комитеттин катчылыгы ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Иран Ислам Республикасын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөлүккө алуу жараянын баштоо жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Катар Мамлекетине Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Египет Араб Республикасына Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Сауд Аравия Королдугуна Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин илим, технология жана инновация жаатында кызматташууну бекемдөө жөнүндө билдирүүсү.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча билдирүүсү.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы жаштар менен иштөө жаатында кызматташуу жөнүндө келишими.
- ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы маданий мурастардын объектилерин коргоо боюнча жаатында кызматташуу жөнүндө келишими.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият жана искусство жаатындагы жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
- Шанхай кызматташтык уюмунун банктар аралык бирикмесин мындан аркы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясы (2022-2026-жж.).
- Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Евразиялык экономикалык комиссиянын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму.
Муну бөлүшүү