Кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленская эл аралык сыйлыкка татыктуу болду

  • 3 года мурун

Кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленская Улуу Британиянын Index on Censorship уюмунун ой-пикирди эркин билдирүү эл аралык сыйлыгына татыктуу болду.

Бул тууралуу ал өзү Фейсбук баракчасында билдирди.

Айтылгандай, аталган сыйлык жылына бир жолу журналистика, демилгелүүлүк жана искусство номинациясы үчүн берилет. Искусство номинациясында сыйлык Татьяна Зеленскаяга ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу аземи Лондондо өткөнү кабарланды, бирок пандемияга байланыштуу Татьяна Зеленская сыйлоо учуруна онлайн форматта катышкан.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты