Сооронкулова: Жалган арыз менен кайрылгандарга карата кылмыш иши козголушу керек

  • 3 года мурун

“Реформа” саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова өзүнүн “Фейсбук” баракчасында бир катар саясатчылардын суракка чакырылуусуна себеп болгон маданият кызматкерлеринин каты боюнча билдирүү калтырды.

Анда ал кылмыш жасады же болбосо кылмышка даярдык көрүп жатат деп жалган арыз менен кайрылган адамдарга карата кылмыш иши козголушу керек экенин айткан.

“Жазык кодексинде мындай аракеттер, өзгөчө оор кылмыш жөнүндө жалган билдирүү болсо 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы бекитилген. Бирөөгө жала жабуудан абайлагыла. Биринчиден, атайын уюштурулганы далилденсе камалып кетишиңер мүмкүн, экинчиден, жабыркаган адам доого жыкса келтирилген зыянды акча менен толуктайсыңар. Бекеринен айтылбайт да, бирөөгө ор казсаң кенен каз, балким өзүң түшөрсүң деп. Эгерде бирөөнүн эрки, басымы менен жазылган болсо, анда ага да мыйзам бар, жалган маалымат берүүгө мажбурлоо да кылмыш деп таанылат”.

Белгилей кетсек, буга чейин интернетте “президенттин атына жазылган айрым маданият ишмерлеринин кайрылуусу” делген кат тараган. Катта «Туйгунаалы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз» деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган. Бул боюнча бир катар саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты