Жапаров ЖККУ саммитинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени көтөрдү

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Душанбе шаарында өтүп жаткан ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселени көтөрдү.

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуунун сакталып турушунан улам кыргыз тарап уюмга мүчө мамлекеттердин көңүлүн бул маселеге бурдурууга милдеттүү экенин белгиледи.

«Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет болуп саналат. Эгемендүүлүк алган алгачкы күндөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен ырааттуу, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясат жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылдыгы боюнча Кыргызстандын көз карашы өзгөрүүсүз калат», — деди ал өз сөзүндө.

Өлкө башчысы региондогу кырдаалды эске алуу менен бир катар сунуштарды, анын ичинде ЖККУга мүчө мамлекетке уюмга мүчө башка өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгуу сунушун берди.

Мындан тышкары ал кыргыз тарап уюмдун ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында өнөктөштөр менен бардык маселелер боюнча стратегиялык диалогду улантуу ниетинде экендигин кошумчалады.

Сүрөт: Президенттин расмий сайты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты