Нью-Йорк соту «Центерранын» Кыргызстанга санкция салуу тууралуу өтүнүчүн четке какты

  • 3 года мурун

Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сот «Центерранын» Кыргызстанга санкция салуу тууралуу өтүнүчүн четке какты.

Мындай чечимди судья Лиза Г. Бекерман 15-сентябрда видео-конференция режиминде өткөн соттук отурумда кабыл алды. Ал өз чечимин жарыялап жатып, «автоматтык токтото туруу тартиби» бузулду деп айтууга азырынча эрте экенин билдирди.

«Центтера Голддун» кызыкчылыгын коргогон Sullivan & Cromwell LLP юридикалык компаниясы 25-августта Кыргызстанга санкция салуу өтүнүчү менен Нью-Йорктогу сотко арыз жолдогон. Арызда бир күндүк санкциянын өлчөмү 1 миллион доллар деп белгиленген. Жүйө катары Кыргызстанда Кумтөрдүн тегерегинде жүрүп жаткан соттук жараяндар, тышкы башкарууну узартуу сыяктуу бир катар аракеттер келтирилген.

Кыргызстан ушул жылдын май айында “Центеррага” Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Ага улай эле 17-майда компанияга таандык «Кумтөр голд инк.» ЖАКына убактылуу тыштан башкаруу киргизген. “Центерра” өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты