Садыр Жапаров ЖККУ жана ШКУ жыйындарына катышуу үчүн Тажикстанга барды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 15-сентябрдын кечинде иш сапары менен Душенбеге барды. Кыргызстандан барган расмий делегацияны аэропорттон Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Бүгүн, 16-сентябрда Душанбеде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы жана 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт.

Жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздук, экономикалык маселелер талкууланып, жалпысынан кырктан ашуун документке кол коюлары күтүлүүдө.

Жыйында талкууланчу негизги маселелердин бири – Ооганстандагы акыркы кырдаал.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мамлекеттери мүчө.

Ал эми ШКУнун курамында сегиз өлкө — Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Пакистан, Өзбекстан, Тажикстан бар жана Беларусь, Иран, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты