Коронавирус үч адамдын өмүрүн алып, 95 жаңы учур катталды
- 3 года мурун
2021-жылдын 16-сентябрына карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 95 учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 57;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 23;
Ош облусу – 0;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу – 0.
Кыргызстанда коронавирус аныкталган учурлардын жалпы саны 177 484кө жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 135. Бардыгы болуп 171 902 киши айыгып чыкты.
Каза болгондордун саны — 3. Жалпы — 2581.
Стационарда 594 жана амбулатордук түрдө 941 киши дарыланып жатат.
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү