Алтынбек Сулайманов сурак берип чыкты

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов ИИМге сурак берип чыкты. Сулайманов суракка маданият ишмерлеринин президентке кайрылуусу деген катка байланыштуу чакырылганын билдирди.

Сулаймановдун пикиринде, бир топ саясатчылардын суракка чакырылып жатканын алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу:

“Менин жеке пикиримде, шайлоо алдында чоң командаларды алсыратуу түшүнүгү болуп жатат окшойт. Бизге келе тургандар качышы керекпи же башкабы… Мени чакырууга эч себеп жок эле. Эмнеге чакырышканын өзүмө да түшүнүксүз болууда”, — деп айтты ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Алтынбек Сулайманов Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына сурак берүү үчүн киришкен. Жанар Акаев учурда сурак берип жатат.

Буга чейин, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууну уюштурууга шектелип кармалган эле.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты