Туйгунаалы Абдраимовдун ИИМ кызматкерлери тарабынан кармалганы кабарланууда

  • 3 года мурун

Бүгүн, 15-сентябрда саясатчы Туйгунаалы Абдраимовдун милиция кызматкерлери тарабынан Ички иштер министрлигинине (ИИМ) жеткирилгени кабарланууда.

Kaktus media басылмасы саясатчыны милиция кызматкерлери алып бара жаткан жерден видео жарыялады. Анда Абдраимов Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу») боюнча шектелип жатканы айтылган.

Абдраимов өзү күч органдарынын бул аракетин саясий куугунтук катары эсептерин айтып, күнөөлүү эмес экендигин билдирген.

ИИМ азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

Ошол эле «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча учурда ЖКнын депутаттары Жанар Акаев жана Алтынбек Сулайманов ИИМдин Тергөө кызматында сурак берип жатышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты