Аксы районунда күйдүргү аныкталган айылга карантиндик чектөө киргизилди

  • 3 года мурун

Аксы районунун Жүзүмжан айылында өлгөн малдан күйдүргү (сибирь жарасы) аныкталганына байланыштуу бир айлык мөөнөткө карантиндик чектөө киригизилди.

Бул тууралуу Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков маалымдады.

Анын айтымында, өкмөттүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын Аксы райондук башкармалыгынын жана райондук эпидемияга жана эпизоотияга чукул чара көрүү комиссиясынын чечимине ылайык, «Ветеринария жөнүндө» мыйзамдын 7-беренесин эске алуу менен мал-жандык өлгөн айылга карантиндик чектөө киргизүү буйругу чыккан.

Ага ылайык, чектөө киргизилген аймактан мал жана андан алынган азык-түлүктөрдү сыртка чыгарууга, башка жактан алып кирүүгө тыюу салынат. Ошондой эле ылаңдаган малдын сүтүн пайдаланууга, союуга жана өлгөн малдын терисин сыйрууга жана аны өз алдынча жок кылууга жол берилбейт.

Сыдыковдун билдирүүсү боюнча, учурда күйдүргү очогу делген жер бетондолуп, белги коюлду жана малдарды ветеринардык кароодон өткөрүү аракеттери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Жүзүмжан айылынын 7 тургуну күйдүргүгө шектелип, ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен экөөндө дарт бар экендиги тастыкталган.

Айыл өкмөт башчысы Курсантбек Райышбеков дарт айылдын тургундарына уйдун этинен жугушу мүмкүн экендигин айткан.

Кечээ, 14-сентябрда ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча аймактык инспекциянын мониторинг жана баалоо секторунун башчысы Мурат Исмаилов союлган уйдан күйдүргү аныкталганын тастыктаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты