Айсулуу Тыныбекова эч кандай акция өткөрбөгөнүн айтты

  • 3 года мурун

Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактарда анын атынан белгисиз адамдар “фейк” баракчаларды ачып, акча табуунун аракетин көрүп жатышканын билдирди.

“Менин атымдан белгисиз адамдар “Фейсбукта” фейк баракча ачып алдамчылык менен акча табуунун аракетин көрүп жатышат. Мындай көрүнүшкө капамын жана баракчанын ээлеринен ар түрдүү жалган акцияларды уюштурбоону өтүнөм. Тилекке каршы, бул фейк маалыматка ишенип миңдеген адамдар акцияга катышып жаткандары көрүнүп турат”, — деп жазды спортчу.

Жакында эле “Фейсбукта” Aisulluu Tynybekkova аталышындагы аккаунт пайда болуп, акча убада кылган ар түрдүү оюндарды өткөрүп жаткан.

Айсулуу Тыныбекова — кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону (2019), Азиянын төрт жолку чемпиону, дүйнө кубогунун жана Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты