Министрлик: Уран кенин иштетүүгө уруксат берилбейт

  • 3 года мурун

Уран жана торий кендерин чалгындоого жана казууга уруксат берилбейт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөй жай министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө министрлик бул боюнча эки жүйө келтирген. Биринчисинде 2019-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамы күчүндө экени белгиленген.

Ал эми экинчисинде 2021-жылдын 3-сентябрында коомдук талкууга коюлган «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө» мыйзам долбоорунда уран кенин иштетүүгө уруксат берилет деп так жазылбаганы айтылган.

“Анда уран кенин иштетүүгө уруксат берилет деп так жазылган эмес. Тагыраак айтканда, үлүшү 100% мамлекетке таандык компанияга гана экологияга зыян тийгизбей турган жана эл аралык талаптарга жооп берген технология менен иш жүргүзсө, уруксат берилиши мүмкүн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик бул документ азырынча кабыл алынбагандыгын, коомдук талкууга гана чыгарылганын эске салып, ошол себептен уран кенин иштетүүгө уруксат берилет деп айтууга эртелик кыларын белгилеген.

“Коомдук талкууда келип түшкөн сунуш, пикирлер эске алынып, документтен бул пункт алынып салынышы да мүмкүн”.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 3-сентябрында Энергетика жана өнөр жай министрлиги коомдук талкууга «КРдин жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө» мыйзам долбоорун койгон. Анда 100% мамлекетке караштуу ишканаларга уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүү сунушталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты