Түп районунда алты жана төрт жашар эки бала өрттөн каза болду

  • 3 года мурун

Кечээ, 14-сентябрда Түп районунун Сары-Булуң айылында турак үйдүн короосунан өрт чыгып, эки жаш бала каза болду.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мекемеге түш ченде короодогу чөп күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге Түп районунун №34 өрткө каршы бөлүмүнөн бир бөлүмчө тартылып, саат 15:00дө чектөөгө алынып, 17:45де толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесептинен 2017-жылы туулган кыз жана 2015-жылы туулган эркек бала каза болгон.

Жалпысынан 600 түк чөп күйгөн.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты