Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин алдында жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

«Документке башкаруу тутумун оптимизациялоо жана «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында кол коюлду», — деп айтылат билдирүүдө.

Агенттик бул мыйзамга ылайык жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты