COVID-19: 81 жаңы учур катталып, 2 адам каза тапты
- 3 года мурун
2021-жылдын 15-сентябрына карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 81 учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 32;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 17;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусу – 3.
Кыргызстанда коронавирус аныкталган учурлардын жалпы саны 177 389га жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 117. Бардыгы болуп 171 767 киши айыгып чыкты.
Каза болгондордун саны — 2. Жалпы — 2578.
Стационарда 603 жана амбулатордук түрдө 978 киши дарыланып жатат.
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү