Садыр Жапаров: Өлкө жетекчилиги ЖМК менен активдүү иштешүүгө даяр

  • 3 года мурун

Өлкө жетекчилиги жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү иштешүүгө даяр. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти жана башкы аткаруучу директору Джейми Флайды кабыл алган учурда билдирди.

Баарлашуунун жүрүшүндө өлкө башчысы Кыргызстан сөз эркиндигин туу туткан, демократиялык принциптерди сыйлаган эркин өлкө экенин айткан.

Ошондой эле ал өлкө жетекчилиги жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү иштешүүгө даяр экендигин баса белгилеп, аны менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттары объективдүү, ар тараптуу, кайсыл бир тарапка көбүрөөк артыкчылык бербей, дүйнөдө таанылган чыныгы журналисттик принциптерди бекем карманып иштеши зарыл экендигин кошумчалаган.

Өз кезегинде Джейми Флай Кыргызстанда ММКга, анын ичинде Эркин Европа/Азаттык радиосунун кесиптик ишмердүүлүгү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты