Путин Душанбеде өтчү ЖККУ жана ШКУ жыйындарына барбайт

  • 3 года мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин айланасындагы адамдардан коронавирус аныкталганына байланыштуу обочолонуп иштөөгө өттү. Бул тууралуу ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондо сүйлөшкөн учурда айтканын Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта карантиндин мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес.

Буга байланыштуу Орусиянын мамлекет башчысы Душанбеде өтө турчу ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйынына онлайн режимде катышары белгилүү болду.

Владимир Путин жазында Орусияда өндүрүлгөн “Sputnik V” вакцинасы менен эмделген. Ал процедурадан кийин антитело титрлери «жакшы кармалып турганын» бир нече жолу айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты