Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатына катышат

  • 3 года мурун

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан кимдер катыша турганы белгилүү болду. Чемпионат 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтөт.

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (United World Wrestling) берген маалыматы боюнча, Кыргызстандын атынан дүйнө биринчилигине кыз-келиндер күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова, Олимпиаданын коло медалынын ээси Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы катышат.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча биринчиликте күч сынашчу балбандардын катарында Токио Олимпиадасынын катышуучусу Жоламан Шаршенбеков, Нурмухаммед Абдуллаев, Калы Сулайманов, Амантур Исмаилов, Руслан Царев, Кайратбек ТуголбаеКалидин Асыкеев, Азат Салидинов, Бексултан Махмудов, Роман Ким бар.

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында ат салышчу кыргызстандык балбандар: Токио Олимпиадасынын катышуучусу Эрназар Акматалиев, Алмаз Сманбеков, Улукбек Жолдошбеков, Алибек Осмонов, Эламан Догдурбек уулу, Саякбай Усупов, Арслан Будажапов.

Грек-рим күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов бул мелдешке катышпайт. Анын себебин машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов балбан азыркы тапта калыбына келүү процессинен өтүп жатканы менен түшүндүрдү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты