Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга барат

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 16-17 сентябрда Душанбе шаарында өтө турчу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышат.

Бул тууралуу Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

“Афганстанда болуп жаткан окуяларга, ошондой эле чөлкөмдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо боюнча чараларды кабыл алуунун зарылдыгына байланыштуу Президент Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУ мүчө мамлекеттердин делегация башчыларынын Афганстандагы кырдаал боюнча жолугушуусуна катышат. Ошондой эле саммит талааларында эки тараптуу жолугушуулар өтөт”, деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Анда мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрүн жана уюмдун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын талкуулашат. Анын негизинде 13 документке кол коюлары күтүлүүдө.

17-сентябрда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги отуруму өтөт. Анда уюмдун 20 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен кадамдар, регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелери каралат. Отурумдун жүрүшүндө уюмга жаңы жетекчи дайындалат жана 30га жакын документке кол коюлат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты