Жалпы баасы 264 миң сомдук жасалма тамеки жана ичимдик продукциясы сатыктан алынды

  • 3 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы жалпы суммасы 263 миң 959 сомдук жасалма тамеки жана ликер-арак ичимдиктери продукциясын таап, сатыктан алды.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүгүзүлгөн рейддин негизинде Кемин районунан, “Берекет” соода борборунан жана Бишкетеги бир катар дүкөндөрдөн жалпы суммасы 263 миң 959 сомдук контрафакттык тамеки жана ликер ичимдиги табылып, сатуудан алынган.

Тартылып алынган продукциянын ичинде жалпы баасы 122 425 сомдук 1 миң 339 куту тамеки жана 141 534 сом суммасындагы 676 бөтөлкө ликер ичимдиги болгон.

Мекеменин билдиргени боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн сатыктан алынган продукция аймактык салык органдарына өткөрүлүп берилген.

Сүрөт: Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты