Калк үчүн көмүр ташуу октябрь айында башталат

  • 3 года мурун

Калк үчүн көмүр ташуу октябрь айында башталат.

Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

“Жакынкы 10-15 күндө аба ырайы ачык болгондуктан Кара-Кечеде иш токтоосуз уланат. Анда өлкөнүн түндүк регионуна күнүнө 10 миң тонна көмүр жеткизип турса болот”, — деп айтылат маалыматта.

Жеринен чыккан Кара-Кече көмүрүнүн баасы мурдагы жылдардай эле 1330 сомду түзөт. Сатыкка коюлган баа саясатын монополияга каршы мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.

Кыргызстан боюнча жалпысынан (ЖЭБке, калкка, бюджеттик мекемелерге) — 3 000 000 ашык тонна көмүр керектелет, анын ичинен:

— бюждеттик мекемелерге — 242,333 миң тонна;

— калкка — 1 миллион 125 миң тонна;

— ЖЭБке – 1 миллион 650 миң тонна.

Республика боюнча көмүр казган 70 ашык компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниянын саны 41ге жакын.

Кийинки 8 айдын ичинде республика боюнча 1 337 346 тонна көмүр өндүрүлдү.

— түндүк региону боюнча — 452 265 миң тонна;

— түштүк региону боюнча — 885 079 миң тонна.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты