Коронавирус 82 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду
- 3 года мурун
2021-жылдын 14-сентябрына карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 82 учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 40;
Ош шаары – 0;
Чүй облусу – 19;
Ош облусу – 0;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 6;
Баткен облусу – 2.
Кыргызстанда коронавирус аныкталган учурлардын жалпы саны 177 308ге жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 127. Бардыгы болуп 171 650 киши айыгып чыкты.
Каза болгондордун саны — 2. Жалпы — 2576.
Стационарда 605 жана амбулатордук түрдө 1016 киши дарыланып жатат.
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү