Душанбеде ШКУ жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары Ооганстандагы кырдаалды талкуулашат

  • 3 года мурун

16-17-сентябрда Тажикстандын борбору Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусу өтөт.

Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

“Жолугушууда мамлекет башчылары Ооганстандагы акыркы кырдаал боюнча пикир алмашышат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чара Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтөт.

Тажикстандын ТИМи маалымдагандай, 16-сентябрда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы өтөт. Ага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Орусиянын президенти Владимир Путин жана ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась катышат.

17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити өтөт. Ал уюмдун түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына арналат. Иш-чарада ШКУга жаңы жетекчи тандоо маселеси каралат. Ошондой эле уюмдун 20 жылдыгына карата Душанбе декларациясы кабыл алынат.

Жыйынга Индиянын премьер-министри Нарендра Моди (онлайн),Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев,Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин (онлайн), Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Орусиянын президенти Владимир Путин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух (онлайн) жана ардактуу консул катары Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты