“Унаа” мамлекеттик ишканасынын директору Турусбек Түмөнбаев кызматынан бошотулду

  • 3 года мурун

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын директору Турусбек Түмөнбаев кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка бүгүн, 13-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Турусбек Түмөнбаев “Унаа” мамлекеттик ишканасын 2020-жылдын октябрынан бери жетектеп келген.

11-сентябрда Temirov LIVE YouTube каналында “Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиарддык тендер” аталышындагы иликтөө чыгып, анда Түмөнбаевдин тендердик махинацияларга катышканы айтылган. Журналисттердин маалыматы боюнча, 21-июлда мекеме жарым миллиард сомго эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланкаларын даярдоо үчүн тендер өткөргөн. Тендерди “Гознак” компаниясы утуп алган. Ал эми компаниянын буюртмаларын Турусбек Түмөнбаевдин кызы Айгерим Тогузбаева жетектеген “Деловая стратегия” ишканасы жасаган.

Кечээ, 12-сентябрда Министрлер кабинетинин жогорудагы тендердин жыйынтыгын жокко чыгарганы белгилүү болгон.

Сүрөт интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты