Орусияда L-410 учагы кыйрап, төрт адам каза тапты

  • 3 года мурун

Орусияда L-410 үлгүсүндөгү эки моторлуу жүргүнчү учагы кырсыкка учурап, төрт адам каза болду.

Алдын-ала маалымат боюнча, Иркутсктан Казанчин-Ленский районун көздөй бара жаткан учак жетүү чекитине бир нече чакырым калганда токойго авариялык жагдайда конгон. Бортто 14 жүргүнчү жана экипаждын эки мүчөсү болгон. Кырсыктан үч жүргүнчү жана бир учкуч мерт кетти.

ТАСС агенттигинин билдирине караганда, өзгөчө кырдаалдар кызматы учак коюу туман ичинде жерге конгон учурда учкуч ката кетирген же кыймылдаткыч иштен чыгып кеткен деген божомолдорду айтууда.

2021-жылдын башынан бери Орусияда жеңил моторлуу учактар кыйраган ондогон учур катталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты