Баткенде жол кырсыгынан эки адам каза тапты

  • 3 года мурун

Баткендин Лейлек районундагы Исфана — Кайрагач унаа жолунда Honda Stepwgn жана Honda Fit үлгүсүндөгү эки жеңил автоунаа кагышып, каргашадан эки киши көз жумду. Дагы жети адам жаракат алды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, кырсыктан жабыркагандар Тез жардам кызматы аркылуу Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилген. Куткаруучулар тобу каза тапкандардын сөөгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты