Теле алып баруучу Алексей Филатов коронавирустан каза болду. Ал болгону 32 жашта болгон

  • 3 года мурун

Белгилүү теле алып баруучу Алексей Филатов 12-сентябрга караган түнү коронавирустан каза болду. Бул тууралуу маркумдун кесиптеши жана устаты, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчаларында жазып чыкты.

Молдокматованын билдирүүсүнө караганда, Алексей Филатов мындан бир канча күн мурун пневмонияга кабылып, оор абалда ооруканага жаткырылган. 11-сентябрда дарыгерлер аны атайын дем алдыруучу аппартка кошушкан.

Алексей Филатов жалпыга КТРК телеканалындагы «Хит-парад» берүүсүнүн алып баруучусу катары таанылган. Мындан тышкары дагы бир катар көңүл ачуучу программалардын алып баруучусу жана уюштуруучусу болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты