#ПАЙДАЛУУ: Германияга баруу оңой! Немис тилин үйрөтүүчү курстар тууралуу окуңуз

  • 3 года мурун

Акыркы жылдары тил үйрөнүү аркылуу Германияга кеткен жаштардын саны арбыганын байкаган чыгарсыз. Бул аталган өлкөгө барып окуу жана иштөөгө жол ачкан ар кандай программалардын көптүгү менен түшүндүрүлөт. Эгер сиздин жакынкы учурда немис тилин жана маданиятын үйрөнүп, аталган өлкөгө барып иштөө жана окуу максатыңыз бар болсо, анда бул материал сиз үчүн. ПолитКлиника медиасы эң ыңгайлуу программалар, жана калаадагы ушул программалар каралган немис тили курстары тууралуу маалыматтарды сунуштайт.

Программалар:

Ausbildung

Ausbildung орто кесиптик билим алуунун кош системасы. Бул программа аркылуу сиз 2 же 3 жыл Германия өлкөсүнө кетип, кайсы бир орто кесип боюнча билим алып, ошол эле учурда иштей аласыз. Кесипти сунуш кылыган бир нече тармактын ичинен тандайсыз. Мында жуманын 1-2 күнү профессионалдуу мектепте , 2-4 күнү жумуш ордунда өтөт.. Эгер сиз Кыргызстанда билим алып, кайсы бир кесиптин ээси болсоңуз, жана ал кесипке программанын суроо-талабы болсо, дал ушул тармакта эмгектене аласыз. Бул учурда сиз немис тилин жок дегенде A1 деңгээлинде билишиңиз керек. Медицина тармагынын кызматкерлерине В1 деңгээли талап кылынат. Жашка талап 16 жаштан 50 жашка чейин делет. Бирок бул сиз тил үйрөнгөн мекеменин Германиядагы жумуш берүүчүлөр менен түзгөн келишимине жараша болот.

Au-pair

Au-pair маданий алакага багытталган программа. Узактыгы 6 айдан 1 жылга чейин болушу мүмкүн. Ал аркылуу Германиялык бир үй-бүлөдө бекер жашап, өлкөнүн маданиятын үйрөнүп, немис тилин өздөштүрүүнү уланта аласыз. Өз кезегинде сиз чогуу жашаган үй-бүлөнүн мүчөсү катары аларга үй жумуштарында, бала кароодо жардам көрсөтүшүңүз керек. Бул бала кароочу, же үй кызматкери болуп иштөө дегендик эмес. Программада кабыл алуучу үй-бүлө жана үй-булөгө мүчө болгон адам бири-бирине жардам көрсөтүүсү талап кылынат. Тиешелүү түрдө бул үчүн сиз айына 280 еврого чейин акы аласыз. Жашка талап 18-27 жаштар аралыгы.

FSJ

Бул программа аркылуу сиз ар кандай балдар жана карылар үйүнө, ооруканаларга жана маданий мекемелерге ыктыярчы болуп барсаңыз болот. Ошол эле мезгилде ар кандай пайдалуу семинарларга катыша аласыз. Программанын катышуучулары көп учурда куткаруучулар командасында иштөө үчүн керек болгон атайын даярдыктарга катышышат. Мында эмгек шарттары жана акысы иштеген жериңиз менен тузлгөн келишимдерге жараша. Узактыгы 6 айдан 18 айга чейин.

Ferienjob

Эгер сиз кайсы бир окуу жайда окусаңыз, жана окуу учурунда чет жерге чыгуу мүмкүнчүлүгүңүз болбосо, сиз үчүн эң мыкты тандоо бул Ferienjob. Ага ылайык студенттер жайкы эс алуу учурунда 2 же 3 айга жумушка алынат. Көбүнесе соода-сатык жана кызмат көрсөтүү тармактарындагы жумуштар берилет жана акысы саатына 8-10 $га чейин эсептелет. Программанын негизги шарттарынын бири катышуучу акыркы курстун студенти болбоого тийиш.

Эми сиз Германияга кетүүнүн эң ыңгайлуу жолдору тууралуу билесиз. Кезек немис тилин сапаттуу үйрөтүүчү жана жогоруда аталган программаларды камтуучу курстарда.

IWEX

Бул немис тилин үйрөтүп, студенттерди Германияга жумушка жиберүүдө студенттер арасында эң көп тандоого ээ болгон курстардын бири. Бул тармакта 10 жылдан бери кызмат көрсөтөт. Мында сиз аталган тилди нөлдөн баштап үйрөнүп, жумушка орноштуруу боюнча программанын катышуучусу болуп, Au-pair жана FSJ программалары менен Германияга кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аласыз. Окуу кадимки шартта же болбосо аралыктан болушу да мүмкүн. Аралыктан окуу Zoom платформасы аркылуу өтүлөт. Сабактар жумасына 3 же 5 жолу болот. Сабактын узактыгы 1 саат 20 мүнөттөн. Бир тайпадагы студенттердин саны 10 адамга чейин жетет.

Баасы: сабактар жумасына 5 жолу өтүлсө баасы айына 3700 сом;

3 жолу өтүлсө 2700 сом.

Дареги: Бишкек шаары, Тыналиева көчөсү 3/3

Байланыш номери: 0(552) 919-155

0(701) 919-155

0(770) 919-155

Баракчасы: iwex.kg

Reise

Rieseде сиз сөзсүз түрдө жумушка орноштуруучу программалардын бирине жазылып, андан соң тил үйрөнөсүз. Мында ал үчүн Аusbildung (3 жылдык), Ferienjob (3 ай) кадимки жумуш ( 1 жыл) программалары бар. Эгерде белгилүү бир тармакта дипломуңуз бар адис болсоңуз, тил үйрөнүү менен биргеликте кесибиңиз боюнча Германияда бир жыл иштөө мүмкүнчүлүгүңүз болот. Сабактар кадимки шартта жумасына 3 жолу өтүлөт. Алардын узактыгы 1 саат 20 мүнөттөн. Бир тайпадагы студенттердин саны 6-8 адам.

Баасы: айына 2200 сом

Дареги: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 110а

Байланыш номери: 0(709) 975-311

Баракчасы: reisekg

Boto

Мында сизге Ausbildung, Ferienjob, Аu-pair, программалары сунушталат. Ошондой эле Германия өлкөсүндөгү Гёте институнунун экзамендерине даярдоо бар. Атайын кайрылуу каттарын жазуу, маектешүүлөр боюнча кеп-кеңештер берилип, окуучулардын чет жерге чыгуусуна жардам көрсөтүшөт. Botoдо медициналык окуу жайды бүткөн кесип ээлерине суроо талап жогору. Кадимки шартта жана аралыктан, эртең мененки, түштөн кийинки жана кечки убактарда окууга болот. Сабактар жумасына 6 күн бою, кадимки шартта 1 жарым сааттан, аралыктан өтүлчү сабактар 1 сааттан өтүлөт. Ишемби күндөрү тилдин алып жүрүүчүлөрү менен маектешүүлөр болуп турат. Бир тайпадагы студенттердин саны 10 адамдан ашпайт. Окуунун сапатын баалоо үчүн бекер сабакка катышып көрсөңүз болот.

Баасы: онлайн сабактар айына 2000 сом;

оффлайн сабактар күндүзгүсү айына 3000 сом;

кечки сабактар 2500 сом.

Дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү 7/1

Байланыш номери: 0(706) 011-066

Баракчасы: boto.kg

Delfi training

Бул агенттикте немис тилин жогорку деңгээлде үйрөнүп Ausbildung, Ferienjob, Au-pair, FSJ программаларынын бирин тандап аталган өлкөгө кете аласыз. Ошондой эле Delfi training Германиянын окуу жайлары, аларга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды берип турат. Сабактар креативдүүлүк менен кадимки шартта жана аралыктан өтүлөт. Курстар жумасынан 3 жолу болуп , күнүнө 1 саат 20 мүнөт убакытты алат. Немис тилинин грамматикасына гана эмес, кадимки баарлашууга, заманбап сленгдер дейре көңүл бурулат. Бир тайпадагы студенттердин саны 10 адамга чейин.

Баасы: оффлайн окуу айына 2500 сом

онлайн окуу 2000 сом

Дареги: Ибраимов Киев көчөлөрүнүн кесилиши

Байланыш номери: 0(755) 125-035

Баракчасы: deifi-training

Fortuna Sakta

Fortuna Sakta өз студенттерин Ausbildung, Au-pair, FSJ программалары аркылуу Германияга жиберүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ausbildung программасы менен Нюрнберг, Виллинген, Дюссельдорф, Кассель, Гуксхаген, Фрицлар, Бал Арользен, Бад Вильдунген, Франкенберг и Дортмунд шаарларына, ал эми Au-pair аркылуу Германиянын баардык шаарларына бара аласыз.Ошондой эле мында тил үйрөнүү менен биргеликте Гёте институтуна даярдансаңыз да болот. Сабактар кадимки шартта өтүлөт. Курстар жумасына 5 жана 3 жолудан болот. Узактыгы 1 саат 30 мүнөттөн. Бир тайпадагы студенттердин саны 3-10 адамдан турат.

Баасы: жумасына 5 күн сабак өтүлсө айына 2800 сом

3 күн сабак өтүлсө, айына 2300 сом

Дареги: Бишкек шаары, Исанов көчөсү 8

Байланыш номери: 0(702) 788-898

Баракчасы: fortunasakta

Bloomsbury

Bloomsbury тил курстары өз ишмердүүлүгүн 10 жылдан бери жүргүзүп келет. Курстарда немис тилинин баардык деңгээлин үйрөнө аласыз. Ausbildung, Au-pair программалары бар. Андан сырткары сиз медицина же дагы башка тармактын дипломунун ээси болсоңуз, ошол тармак боюнча Германияга практикага барып келүү мүмкүнчүлүктөрү каралган. Студенттерге Германиянын билим берүү системасы тууралуу маалыматтар берилип, Гёте институтуна даярдоо сабактары сунушталат. Сабактарды ыңгайыңызга карап 3 же 5 күндүк кылып тандай аласыз, алар кадимки шартта өтүлөт. Жумасына 3 күндүк сабактардын узактыгы 2 сааттан, ал эми 5 күндүк сабактар 1 саат 20 мүнөттөн болот. Бир тайпадагы окуучулардын саны 5-9 адамга чейин.

Баасы: жумасына 3 күн, айына 2600 сом

жумасына 5 күн, айына 3000 сом

Дареги: Бишкек шаары, чүй проспекти 219

Байланыш номери: 0(500) 287-385

Баракчасы: nemeckie_kursy_kg.

Даярдаган: Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты