УКМК “Касперский лабораториясы” компаниясы менен киберкоопсуздук боюнча кызматташуу меморандумуна кол койду

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымат коопсуздугу жана санариптик купуялуулук жаатында иш алып барган эл аралык “Касперский лабораториясы” компаниясы менен биргеликте “кибер калкан” иштеп чыгышат.

Киберкоопсуздук боюнча кызматташуу меморандумуна «Касперский лабораториясынын» башкы директору Евгений Касперский жана УКМКнын төрагасынын орун басары, Кибер коопсуздукту координациялоо борборунун директору Жаныбек Жоробаев кол койду.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, меморандумдун негизинде “Касперский лабораториясы” Кыргызстанга санариптик трансформация программасынын маалымат системаларын жана ресурстарын коргоону өз алдынча башкаруу үчүн техникалык компетенциясын калыптандырууга жардам берет. Ошондой эле мамлекеттик маалымат системаларына карата жасалган коркунучтар тууралуу отчет берип турат.

Келишимдин алкагында тутумдук администраторлорго үзгүлтүксүз билим берүү программасын ишке киргизүү жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын биринде окуу борборун жана «Маалыматтык коопсуздугу» классын ачуу маселеси дагы талкууланган.

Комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстан кибер коркунучу боюнча рейтингдердин көбүндө алдыңкы катарларды ээлеп келет. «Касперский лабораториясынын» билдиргени боюнча, 2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болжол менен ар бир төртүнчү интернет колдонуучу ар кандай кибер коркунучтарга, ал эми ар бир экинчи интернет колдонуучу вирустук чабуулдарга туш болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты