Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалына Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү түшүрүлдү
- 3 года мурун
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалына Токио-2020 Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү түшүрүлдү.
Спортчунун сүрөтү түшүрүлгөн имарат борбор калаанын Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Сүрөттү «DOXA» арт-тобу тарткан.
Айсулуу Тыныбекова — кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону (2019), Азиянын төрт жолку чемпиону, дүйнө кубогунун жана Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.
Муну бөлүшүү