Ошто Орозайым Нарматованын тарапташтары митингге чыгышты

  • 3 года мурун

Активист Орозайым Нарматованын тарапташтары жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында митингге чыгышты.

Чогулгандар Нарматованы бошотууну жана ага карата жасалып жаткан куугунтукту токтотууну талап кылышууда.

Алар митингди Бишкекте дагы улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Эске сала кетсек, Орозайым Нарматова бүгүн, 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ички иштер министрлиги ага “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси боюнча айып тагылып жатканы жөнүндө билдирүү тараткан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Нарматова кармалбаганын, Ички иштер министрлигинин тергөө тапшырмасы менен Бишкекке сурак берүү үчүн гана жеткирилгенин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты