Кыргызстан Түркияга кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуштоодо

  • 3 года мурун

Кыргызстан Түркияга кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуштады.

Мындай сунушту бүгүн, 10-сентябрда, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргыз-түрк бизнес-форумунда билдирди.

“Биздин Россия менен ушундай фондубуз бар. Өзбекстан жана Венгрия менен дагы ушул сыяктуу фонд түзүп жатабыз. Эгер Түркия менен фонд түзсөк, анда ал жакка кыргыз тарапка дагы, түрк тарапка дагы пайда алып келүүчү акча түшө баштайт эле. Ошентип эки өлкө ортосундагы 1 миллиард долларлык соода жүгүртүүгө тезирээк жетише алмакпыз” – деди ал.

Түркия тарап дагы өз кезегинде Кыргызстанда бир катар долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди. Түркиянын вице-президенти Фуат Октайдын айтымында, түрк тарап гидроэнергетика, айыл чарбасы, санарип чечимдер, соода жана туризм жаатында долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

Бүгүн Бишкекте Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмеси жана кыргыз-түрк бизнес-форуму өтүп жатат. Форумга ар түрдүү тармактарда иш алып барган 50гө жакын түрк фирмалары жана Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай катышууда.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин расмий сайты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты