Ушул жылдын 10 айында ИДП өсүү темпи 10 %ды түзгөнү айтылды

  • 7 месяцев мурун

2025-жылдын 10 айында ИДПнын өсүү темпи 10,0 %ды түздү, 2024-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,5 трлн сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көбөйдү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Борбордук Азия чөлкөмдүк экономикалык кызматташтыгынын (БАЭК) алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын аймактык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча бизнес-форумда билдирди.

“Экономиканын өсүшү төртүнчү жыл катары менен 9 %дан жогору болуп жатканын белгиледи. 2025-жылдын 10 айында ИДПнын өсүү темпи 10,0 %ды түздү, 2024-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,5 трлн сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көбөйдү.
«Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди.

Адылбек Касымалиев 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 159 миң жумушчу орун түзүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9 эсеге көбөйгөнүн билдирди. 2025-жылдын 10 айында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,9 %га көбөйдү.

Анын айтымында, экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуулугу эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан белгиленген. Ушул жылы Кыргызстандын кредиттик рейтинги «B+» деңгээлине чейин көтөрүлдү.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты