Аксыда күйдүргүгө шектелип жети киши ооруканага жаткырылды

  • 3 года мурун

Жалал-Абаддын Аксы районунда күйдүргүгө (сибирь жарасы) шектелип, 7 киши ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен бирөөнүн диагнозу лабораторияда аныкталган.

Бул тууралуу маалыматты республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдинов тастыктады.

Бектурдинов эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүү үчүн оору аныкталган аймакка атайын адис жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Аксы райондук санитардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абсаматовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айылдарынын биринде мал союлуп, ичеги-карынын кармаган беш адамдын анализи таза чыгып, эки адамдын анализинен оорунун белгилер байкалган. Бейтаптар 2-сентябрдан тартып дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты