Мамлекеттик сатып алуу системасынын жаңы форматы сунушталды

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү. Экономика жана финансы министрлигинин өкүлдөрү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жаңы форматынын бетачарын тартуулады. Ага ылайык, сатып алуучу уюм тарабынан мамлекеттик сатып алуу процесси электрондук соода аянтчаларынын жардамы аркылуу ишке ашырылат.

Электрондук соода аянтчасынын оператору мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдын макулдугу боюнча электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан аккредитациядан өтөт.

Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы мамлекеттик сатып алуулар жана электрондук соода аянтчалары боюнча бирдиктүү маалыматтык-аналитикалык базаны түзөт.

Министрлер кабинетинин башчысы билдиргендей, мамлекеттик сатып алуу процессинин жүргүзүлүшү көбүнэсе катышуучуларынын сын-пикирлерин жаратып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты