​Элчилик Орусиядагы мигранттарды 30-сентябрга чейин каттоого турууга чакырды

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарын 30-сентябрга чейин документтерин тууралап алууга — миграциялык каттоого туруп, эмгек келишимин түзүүгө чакырды.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, Орусия Президентинин 16-июндагы жарлыгы менен мигранттарга документтерин ирээттеп алуу үчүн берилген мөөнөт 30-сентябрга чейин узартылган.

Апрель айынын башында орус бийлиги Орусияда 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден (ред: расмий эмес маалыматтарда 1 миллиондон ашык) ашат. Административдик эреже бузуу жана миграциялык талаптарды сактабаганы үчүн 43 780 кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты