Кытай Кыргызстанга жардам катары 1500 тонна буудай берет
- 2 жыл мурун
Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук облусу Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1500 тонна буудай жана коронавируска каршы күрөшүү үчүн жеке коргонуу каражаттарын берет.
Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн менен жолуккан учурда белгилүү болду.
Быйыл Кыргызстанда аномалдуу жогору температуранын жана вегетация мезгилинде сугат суусунун жетишсиздигинин кесепетинен, буудайдын дүң жыйымы — 41,4%га, арпаныкы 57,9%га, кыскарган.
Муну бөлүшүү