“Кумтөр” иши: Исхак Пирматов күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айыпка жыгылды
- 3 года мурун
“Кумтөр” иши боюнча айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовго карата соттун өкүмү чыкты. Өкүмгө ылайык, Исхак Пирматов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айыпка жыгылды.
Мындай өкүмдү бүгүн, 9-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Махабат Бекишова чыгарды.
Исхак Пирматов 31-майда “Кумтөр” ишинин алкагында УКМКга суракка чакырылып, кийин «Коррупция» беренеси боюнча айыпталып, эки айга камакка алынган.
15-июлда ал тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө тууралуу тил кат жазып, камактан бошотулган.
Сүрөт: Интернеттен алынды.
Муну бөлүшүү