Марс Тулегенов: Медиафорум ийгиликтүү аяктады
- 4 года мурун
Нарын шаарында 8-9-сентябрда өткөрүлгөн “Ийгиликке кадам” || республикалык медиафоруму жыйынтыкталды.
“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Тулегенов форумду жыйынтыктап, ийгиликтүү өткөнүн билдирди:
“Эки күнгө созулган медиафорум ийгиликтүү жыйынтыкталды деп ойлойм. Келип, катышып берген медиа адистерге, катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз”, — деди ал.
Форумдун алкагында:
1. “Социалдык тармактар жана медиа”;
2. “Чакан ЖМК – аймактык медианын келечеги”;
3. “Медиадагы кастык тил маселеси, аны менен күрөшүүнүн жолдору;
4. “Гендердик маселелерди жана майыптык теманы туура чагылдыруу;
5. “ЖМК жана журналисттердин ишмердүүлүгүндөгү юридикалык коопсуздук;
6. “Медиа жана санариптик коопсуздук;
7. “COVID-19 пандемиясы учурунда медианын каражат булактары жана каржылоо моделдери;
8. “Шайлоону чагылдыруу маселелери” темалары талкууланды.
Сессияларды “Журналисттер” коомдук бикримесинин фейсбуктагы баракчасында көрө аласыздар.