Семетей Аманбеков: Шайлоо дебаттарын уюштурууда көйгөй жаралышы мүмкүн

  • 3 года мурун

Медиа адис Семетей Аманбеков “Ийгиликке кадам” медиафорумда шайлоону чагылдыруу шарттары тууралуу айтып берди.

Ал өз сөзүндө партиялардын, талапкерлердин көптүгүнөн, мыйзамдардын шарттарынан улам теледебаттарды уюштуруу оор болуп жатканын билдирди:

“Конституциялык мыйзамга ылайык акысыз теледебаттарды жергиликтүү бюджеттен каржыланган ЖМКлар гана өткөрө алышат. Бирок, дебат уюштура алган жергиликтүү ЖМКлар аз, ал эми талапкерлер көп болуп жатат. Эми кантип баарына бирдей шартта уюштурабыз, билбей жатабыз. Ушул маселе көйгөй болуп жатат”, — деп билдирди ал.

9-сентябрда “Ийгиликке кадам” медиафоруму уланып жатат. Сессияларды “Журналисттер” коомдук бикримесинин фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрө аласыздар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты