Юрий Пургин: Кризисти жаңы мүмкүнчүлүктөр үчүн пайдаланууга болот
- 3 года мурун
Нарын шаарында “Ийгиликке кадам” медиафоруму уланып жатат. Кезектеги сессияда Юрий Пургин Covid-19 пандемиясы учурунда каражат булактары тууралуу айтып берди.
Анын айтымында кризисти кызматтардын эффективдүүлүгүн жана сапатын текшерүү үчүн пайдаланууга болот:
“Пандемия көптөгөн кризистерге плып келди. Өзгөчө медиага да таасирин тийгизди. Бирок, аны жаңы мүмкүнчүлүк катары пайдаланууга болот. Эмгектин, кызматтардын сапатын текшерүү менен жаңы, уникалдуу, креативдүү сунуштарды берүүгө болот”, — деген пикирин билидирди ал.
«Ийгиликке кадам» медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет.
Медиафорум “Журналисттер” коомдук бикримесинин фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсөтүлөт.