Парламенттик шайлоодо шайлоочуларга экиден бюллетень берилет

  • 3 года мурун

Алдыдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулар экиден бюллетень алышат.

Бул тууралуу шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Жаңы система боюнча шайлоочу партияга жана конкреттүү талапкерге, ошондой эле бир мандаттуу округ боюнча добуш бере алат. Шайлоо күнү шайлоочулар экиден бюллетень алышат. Биринчи бюллетенде чүчүкулак аркылуу аныкталган кезек боюнча партиялардын аталышы жана сол тарабында номерлер жазылган 54 бош квадрат болот. Бош квадраттардын номерлери талапкердин тизмедеги номерлерине дал келет. Эгер шайлоочу талапкерди эмес, партияны тандаса, бюллеттень жарактуу деп саналат. Эгер шайлоочу партияны эмес, талапкерди белгилеген болсо, анда бюллетень жараксыз болуп эсептелет”.

Бекматовдун айтымына караганда, экинчи бюллетенде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ат салышкан талапкерлердин аты-жөнү, туулган жылы чүчүкулактын жыйынтыгына жараша кезек менен көрсөтүлөт.

БШКнын өкүлү шайлоочулардын ыңгайы үчүн бул эки бюллетень эки башка түстө болорун белгилеп, бардык шайлоо участокторунда партиялардын талапкерлери боюнча маалымат берилерин кошумчалап өттү.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүү каралат.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты